• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине санариптештирүүнү киргизүү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Аламүдүн районунун үлгүлүү Лебединовка айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине санариптештирүүнү киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов Лебединовка айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын башкы өзгөчөлүгү — бул паспортторду, туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөрдү, бала төрөлгөндө жөлөкпулдарды берүү, жарандардын жашаган жерин каттоо, салыктарды чогултуу ж. б. калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн «Бирдиктүү терезенин» болушунда экенин билдирди.

Бул жарандардын ар түрдүү справка жана уруксат берүүчү документтерди алуусун жеңилдетип, убакытты жана акчалай чыгымдарын үнөмдөйт.

Президент Сооронай Жээнбеков жергиликтүү бийликтин ишмердигин автоматташтыруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы экенин баса белгиледи. Өлкөнү санариптештирүүнүн негизги милдети жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртып, элдин мамлекеттик органдар менен болгон карым-катнашында ыңгайлуулукту жогорулатуу экенин дагы бир жолу эске салды.

Бул тажрыйбаны «Санарип Кыргызстан» платформасынын алкагында жалпы өлкөгө жайылтуунун маанисине токтолуп, жергиликтүү бийликтин аракеттерин канаттануу менен баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий