• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков ЖК Төрагасы жана Премьер-министр менен “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууну талкуулады

Президент 0

Бишкек, 17.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Президент кол койгон “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өлкөнүн жакынкы жылдардагы биринчи кезектеги милдеттери жана максаттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Премьер-министри болгон кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгиледи. «Бул Жарлыктын максаты ушул программаларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал бардык ички резервдерди толук пайдалануу менен аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Мен аймактарды көп кыдыргам, областтын жетекчиси болгом. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Аймактарга кайсы жетекчи барбасын, жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда бирдей эле көйгөйлөр айтылат – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бюджеттик жана инвестициялык каражаттар бир калыпта, ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү керектигин белгиледи. “Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары белгилүү бир план, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат”, - деп Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюуга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, аны менен бирге аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлердеги маселелерди убагында чечүү максатында алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы бул багытта мыйзам базасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Президент Сооронбай Жээнбеков парламент менен өкмөткө өлкөнү өнүктүрүү жана экономиканын туруктуу өсүшү үчүн Жарлыктын алкагында бийликтин бардык бутактарынын алдында турган тапшырмаларды аткарууда эриш-аркак иштөөнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий