• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту

Президент 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынынын катышуучулары менен жолугушту. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучулары менен жылуу учурашып, аларды өткөн Жеңиш Күнү менен куттуктады жана келерки жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.

«Дүйнөдө жана региондо кырдаал бардык деңгээлдерде тыгызыраак кызматташууну талап кылууда. Сиздердин эл аралык жана аскерий-саясий өз ара аракеттешүүнүн абалын жана болочогун туруктуу түрдө талкуулап жатканыңар кубандырат. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөш биздин өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштырууну талап кылат. Сиздер Уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкештөө маселелери боюнча чоң иштерди жасап жатасыздар. Жамааттык коопсуздук системасын мындан ары өркүндөтүү жана аны укуктук жактан камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Парламенттик Ассамблеянын ЖККУга мүчө мамлекеттердин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарынын чоң мааниси бар. Коргонуу жана коопсуздук боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин моделдик мыйзамдарынын долбоорлору практикалык натыйжа болуп саналат», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал региондогу кырдаалдын өнүгүү тенденциясы Уюмдун натыйжалуулугу үчүн таасирдүү чараларды кабыл алуунун зарылчылыгын пайда кылып жатканын, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жемиштүү кызматташтык үчүн азыркыдан да көбүрөөк салым кошо алаарын баса белгиледи.

Уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын Бирдиктүү тизмесин түзүү жөнүндө мамлекеттер башчыларынын чечимин аткаруу создугуп жатканын белгилеп, жамааттык коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары Сооронбай Жээнбеков өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тездетүүнү өтүндү.

«Парламенттик Ассамблея мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимдерди ратификациялоодо өз ара аракеттешүүсү өтө маанилүү. ЖККУ Байкоочусу жана ЖККУ Өнөктөшү макамдарын аныктаган Протоколду ратификациялоо боюнча ишти тездетүүгө чакырам. ЖККУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Протоколдун чоң мааниси бар. Бул жаатта Парламенттик Ассамблея алдыга кетип, Афганистан жана Сербия сыяктуу „өз“ байкоочулары бар. Бүтүндөй Уюмдун деңгээлинде бул ишти активдештирүү ¯ зарыл. ЖККУ Байкоочулары менен Өнөктөштөрүн тартууда парламенттик дипломатиянын салымы баа жеткис экенине ишенем», — деп белгиледи Президент жана Парламенттер башчыларын бул ишке активдүү киришүүгө чакырды.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин Парламенттер башчыларынын атынан Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин сүйлөдү.

Ал Кыргызстандын ЖККУда төрагалык кылып жатканын эске алуу менен Сооронбай Жээнбековдун каалоо-сунуштарын угуу маанилүү экенин белгиледи.

«Парламенттик Ассамблея үчүн биздин уюмдун өнүгүүсүнүн стратегиясынын көз карашын түшүнүү абдан маанилүү болуп саналат. Биз сөзсүз түрдө күн тартибиндеги негизги суроолордун алкагында келечекте мыйзамдарды шайкеш келтирүү үчүн биринчи кезекте сиз айткан сунуштарды карап чыгабыз жана ошондой эле коопсуздук жалпы системасын куруу, терроризмге каршы аракеттенүү жана жалпы укуктук талааны түзүүгө байланышкан суроолор боюнча биздин позицияларды жакындаштыруу маселелерине киришебиз», — деп белгиледи Вячеслав Володин.

Ал баса белгилегендей, коопсуздук маселелерин кароого катышкысы келгендердин коалициясын кененирээк түзүү керек деген пикир эң туура. Бүгүн 2 өлкө ЖККУ ПАда байкоочу болуп саналат — Сербия жана Афганистан.

«Катышууга суроо-талап чоң, аны башка өлкөлөр дагы билдирип жатышат. Бул сунуштарды активдүүрөөк карап чыгып, жалпы коопсуздук жаатында баарлашууну активдүү жүргүзүүгө жол берген чечимдерди кабыл алуу туура болмок. Сиздин сунуштар бул процесстерди кыйла тездетет», — деп белгиледи Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин.

Иш-чаранын соңунда Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынынын күн тартибинде олуттуу маселелер көп экенин белгиледи. Бүгүн кабыл алынуучу чечимдер жалпы коопсуздукту бекемдөөгө жана азыркы кездеги чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууга өбөлгө болот.

«Биргелешкен аракеттер менен биз жамааттык коопсуздукту камсыз кылып, жаңы тобокелчиликтер менен коркунучтарга каршы тура алабыз. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны мурдагыдай эле конструктивдүү духта жана пайдалуу натыйжалар менен өтөөрүнө ишенем. Сиздерге активдүү дискуссияларды жана жыйында жемиштүү иштөөнү каалайм», — деп Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий