• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеӊешинин мааракелик сессиясына тар курамда катышты

Президент 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 30-ноябрда Минскте өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясынын тар курамына катышты.

Жыйынды ачып жатып, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду куттуктап, ийгилик каалады. “Жалпыбыздын атыбыздан Сизге жаңы татаал кызматыңызга ийгиликтерди жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсү жана уюмубуздун бекемдеши үчүн жемиштүү ишмердикти каалайм”, - деп айтты Александр Лукашенко.

Беларусь уюмдун алкагында активдүү аракеттенишүүнүн, анын ишмердигинин натыйжалуулугунун ар тараптуу өнүгүүсүнън, эл аралык аренадагы аброюнун бекемделишинин ырааттуу тарапкери экенин белгиледи.

Андан ары сессия жабык эшик артында уланды. Мамлекет башчылары маселени талкуулоону ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеӊешинин сессиясында кеңейтилген курамда улантышты.

Пикир

Оставить комментарий