• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, биздин коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт

Президент 0

Бишкек, 24.05.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, биздин коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн медиа форумунун ачылышында.

Президенттин пикиринде, ШКУ маалыматтык технологиялар кулачын жайып, коммуникация өрчүгөндө жаралган. Уюмдун өнүгүүсүнүн учурдагы этабы маалыматтык технологиялардын тез өнүгүүсү жана ММКнын коомдук аң-сезимге болуп көрбөгөндөй таасиринин өсүүсүнө туш келди.

“Белгилей кетчү жагдай, Уюмдун ишмердүүлүгү, анын биргелешкен потенциалы көп тараптуу кызматташтыктын жана жетишкендиктердин жыйынтыктары, пландары жана келечеги жөнүндө маалыматтын деңгээли дүйнөдө гана эмес, ШКУ өлкөлөрүндө дагы салыштырмалуу төмөн болууда. Ошондуктан биз бул медиа форум пикир алмашуу жана бирдиктүү маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу үчүн уникалдуу аянтча болуп калат деп күтүүдөбүз. Биздин максат - ШКУ жөнүндө объективдүү пикирди түзүү жана Уюмдун эл аралык коомчулукта имиджин бекемдөө. Марк айткан эле, коммунизмдин духу бүт Европаны аралап жүрөт деп. Мен айтта элем, Шанхайдын руху бүгүн бүткүл Евразияны аралап жүрөт деп. Жибек жолу көптөгөн кылымдар мурда континенттерди бириктиргендей, бүгүн Шанхай руху жер шаарынын бүт материктерин жана элдерин бириктирүүдө”, - деди президент.

Өлкө башчысы баса белгилегендей, ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат.

Пикир

Оставить комментарий