• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда 2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки 2020-жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өтүп бараткан жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, аймактык өнүктүрүү мамлекеттин саясатын, санариптик трансформация жана соттук-укуктук реформаны жылдырууда сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгонун белгиледи.

«Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутактарынын ишмердиги ошондой эле Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек», — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков үч бийлик бутактарынын жетекчилерине бекем ден соолук, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий