• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда, Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасын жана бардык кыргызстандыктарды алдыдагы майрамы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын мамлекеттин турмушунун туруктуулугун камсыздоодогу өзгөчө ордун белгиледи. Президент Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндигин коргоо, конституциялык көзөмөл жүргүзүү боюнча мындан аркы иштерге ийгиликтерди каалады.

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын алдында турган негизги пландар менен жакын арадагы милдеттер, анын ичинде санариптештирүү жана материалдык-техникалык камсыздоону өркүндөтүү боюнча айтып берди.

Ошондой эле ал Мамлекет башчысына өзгөчө абал шарттарында Конституциялык палатанын судьялары менен Аппаратынын аралыктан иштөө режиминин уюштурулушу тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий