• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков жубайы менен АКШнын президенти БУУнун делегация башчыларынын урматына уюштурган кабыл алуусунда болду

Президент 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-26-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында иш визити менен болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып, жубайы менен АКШнын Президенти Дональд Трамптын БУУнун делегация башчыларынын урматына уюштурган расмий кабыл алуусунда болду.

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Хаммаршельд атындагы китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачты.

Фотокөргөзмөдө БУУнун китепканасында мындай иш чара биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгы белгиленди.

Китепканада Мамлекет башчысы Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий