• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барды — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барды.

Мамлекет башчысы Сузак районунун жашоочулары менен жолугушуп, аймактарды өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести коргоо, аймактардагы жаңы ишканаларды каржылоо, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, өлкөнүн жол инфраструктурасын жакшыртуу, тышкы саясатты жүргүзүүгө багытталган мамлекеттик саясат тууралуу айтып берди.

Жергиликтүү жашоочулар негизинен таза жана сугат суу менен камсыздоо, жолдорду, социалдык, инфраструктуралык объектилерди салуу жана оңдоо, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, жерлерди трансформациялоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, коррупция менен күрөшүүгө байланышкан суроолорду беришти жана Президенттин, тиешелүү мамлекеттик структуралардын жетекчилеринин жоопторун алышты.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жана Сузак районундагы Достук менен Ширин айылдарын байланыштыруучу Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн абалы менен таанышты.

Сапарынын жыйынтыгында, Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы экспортко багытталган «Баяна Стиль» тигүүчү фабриканын ишмердиги менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий