• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков жумушчу визит менен Бельгия Королдугуна келди

Президент 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11 апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа Союзунун институттарына жумушчу визит менен келди. Визиттин максаты – Европа союзунун жетекчилиги менен жеке байланыштарды орнотуу, расмий түрдө 2017-жылдын 19-декабрында башталган Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун жаңы долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө саясий түрткү берүү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Визиттин жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен жолугушат.

Визиттин алкагында Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, адам укуктарын жана эркиндигин сактоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле Кыргызстандын өнүгүшүнүн артыкчылыктуу секторлоруна европалык алдыңкы инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулоо болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Брюссель шаарына Түркия Республикасына эки күндүк расмий сапары аяктагандан кийин келди.

Түркиянын борбору Анкара шаарынын “Эсенбога” эл аралык аэропортунда Президент Сооронбай Жээнбековду Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Хакан Човушоглу узатты.

Пикир

Оставить комментарий