• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков, Зулпукаров, Нарымбаев жана Сарпашев кийинки жылга чейин тергөө абагында болот

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды.

Эскертке кетсек, саясатчылар УКМК тарабынан “Кумтөр” иши боюнча кармалган.

Пикир

Оставить комментарий