• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбековду Москвага коштоп келген эки кишиден коронавирус аныкталды. Президент парадга катышуудан баш тартты

Президент 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Президент Сороонбай Жээнбековду Москвага коштоп келген эки кишиден коронавирус аныкталгандыктан президент парадга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Алгоритмге ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен COVID-19га тест тапшырышты. Жыйынтыгында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий