• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбековду Пекинде кантип тосуп алышты?

Саясат 0

Пекин, 06.06.18. /Кабар/. Пекинде Кыргызстан менен Кытай лидерлеринин расмий жолугушуусу болду.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жана делегаттардын жолугушуусу Бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта өттү.

Иш-чарага даярдык көрүү жогорку деңгээлде жана дипломаттык протоколдун талаптарына ылайык жүргүзүлдү.

Өлкө лидерлери бири-биринин колун бекем кысып, делегаттарды тааныштырган соң, подиумду карай бет алышты.

Мамлекеттик гимндер аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды. Алгач Кыргызстандын андан соң Кытайдын гимни ойнолду.

Андан кийин Ардактуу кароолдун командири рапорт берген соң, мамлекет башчылары подиумдан түшүп, тизилип турган Ардактуу кароолдун ротасына салам беришти.

Салтанаттуу жолугушууу аземине балдар катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты. Кийин делегаттар кеңири курамда сүйлөшүү үчүн залга бет алышты.

Эске сала кетсек, КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекеттик сапар менен Кытайдын борборуна келди. Ал Пекинде туура эки күн болуп, андан соң 9-июнда эртең менен ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

Пикир

Оставить комментарий