• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбековдун Бердымухаммедов менен расмий жолугушуусу болду

Президент 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-августта, Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Көз карандысыздык аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки Президент Ардактуу кароол менен учурашты, кыргыз жана түркмөн тараптардын расмий делегациялары жана дипломатиялык миссия жетекчилери менен тааныштырышты. Түркмөнстандын аскерлери салтанаттуу марш менен өткөрүлдү.

Расмий жолугушуу аземинен, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Мамлекет башчылары «Огузхан» атындагы Түркмөнстандын Президентинин ак сарайына тар курамда жолугушуу үчүн бет алышты.

Пикир

Оставить комментарий