• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Региондорду өнүктүрүү

Президент 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. «Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, акырында региондорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржы ресурстар менен камсыздоо үчүн финансылык институттардын алдында Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган максаты ийгиликтүү ишке ашырылып жатат», — деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө долбоорлордун негизги бөлүгү «РСК Банкынын» (89%) 7,6 млрд сом өлчөмүндө, «Айыл Банкынын» (97%) 15,1 млрд сом өлчөмүндө, «Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун» (80%) 10,0 млрд сом өлчөмүндө региондук масштабдагы долбоорлорду каржылоого багытталган. «Гарантиялык фонд» ААКы аймактардагы ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында (63%) 389 млн сомго кепилдиктерди чыгарган. «Гарантиялык фонддун» иш-аракеттеринин жыйынтыгында ишкерлер күрөөсүз негизде кошумча насыя алышкан. Мында, «Гарант иялык фонддун» кепилдиги аркылуу коммерциялык банктар ушул убакытка чейин бардыгы болуп 2,1 млрд сом өлчөмүндө кредиттерди беришкен.

Каржылоодо приоритеттер, Данияр Иманалиев айткандай, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл областтарындагы долбоорлорго берилет. Региондордо модернизацияланган жана заманбап ири, орто жана кичи айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү, текстилдик өнөр жайда, курулуш материалдары чыгаруучу ишканалар, цемент жана кыш чыгарган заводдор, соода-логистикалык борборлор, өсүмдүк сактоочу жайлар, күнөсканалар ачылып жатат. Бул ишканалардын көпчүлүгү экспортко багытталган.

Финансы институттарынын жана фонддун астында каржылоо саясатын кайра карап чыгуу, ошондой эле ресурстарды бөлүүдө айыл чарба тармагына көбүрөөк көңүл буруу тапшырмасы Президент тарабынан коюлду. Айрыкча айыл чарба продукциясын мындан ары тышкы рынокторго экспорттоого кайра иштетүү, логистика, жыйноо жана ташууну» — ал белгиледи.

Каржылоодо аймактардын адистешүүсү эске алынып, кластердик мамиле колдонулууда.

Региондорду өнүктүрүү процесси ушул жыл менен эле чектелбейт жана келерки 5 жылда дагы приоритеттүү багыттардын бири болот. Келерки беш жылдык келечекке калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу, аларды ичүүчү таза суу менен камсыздоо милдети коюлууда. Саламаттыкты сактоо, билим жана социалдык жактан коргоо системасын өркүндөтүү боюнча приоритеттер камтылганын Данияр Иманалиев кошумчалады.

Регионалдык өнүктүрүүгө тиешелүү приоритеттерди улантуу жөнүндө демилгелер Мамлекет башчы тарабынан көтөрүлүүдө. 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, силер билгендей приоритеттүү багыттардын бири болуп региондорду өнүктүрүү жана өлкөнүн аймактары салмактуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн биз жер-жерлерде экономикалык потенциалды түзүүбүз керектигин белгиледи.

«Айыл чарбасын каржылоо — 6» Мамлекеттик программанын алкагында 11246 айыл чарба өндүрүүчүлөргө жалпы суммасы 5,4 млрд. сомго кредит берилген. Кредиттер жеңилдетилген пайыздык чендер менен: өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык үчүн — 10%, кайра иштетүү үчүн — 6%, багбанчылык жана асыл тукум мал чарбачылыгына — жылына 8% менен берилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү максатында тийешелүү өзгөртүүлөр менен мыйзамдардын долбоорлору даярдалды. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу боюнча 2019-жылга мамлекеттик бюджет долбооруна киреше салыгын бөлүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебине которулчу каражаттар 50%дан 70%га көтөрүлдү.

Айыл жерлеринде ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштерин 43 айылда бүтүрүү пландаштырылууда. 4 ирригациялык каналдарды куруу иштери аяктады, ушуга байланыштуу сугат жерлеринин аянты 8 миң гектарга көбөйөт деп, айтты ал. Кийинки беш жыл ичинде Кыргызстандын ар бир айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылууда. Бул жерде мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле бардыгы 700 млн АКШ долларды түзгөн эл аралык донорлорду н каражаттары тартылат — Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банк, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банк жана башка донорлор. 2023-жылга чейин жалпы суммасы 259,1 млн АКШ долларды түзгөн эки этап боюнча ишти аяктоо жана 31 сугат объектини ишке берүү сунушталууда. Кошумча 27 миң гектар сугат жерди колдонууга берүү, 40 миң гектар жерди суу менен камсыздануусун жогорулатуу пландаштырылууда.

Мындан сырткары, болжол менен 133 км болгон жалпы республикалык маанидеги жаңы жолдор салынды, 182 жаңы трансформатордук подстанциялар орнотулду, 230 трансформатор которулду. 350 км электр өткөргүч чубалгылар реконструкциялоодон өткөрүлдү, жыйынтыгында авариялык өчүрүүлөрдүн көлөмү 11%га кыскарды. Мамлекеттин бюджеттин жана эл аралык донорлор — КЭР Эксимбанк, АӨБ, ЕАБР эсебинен 2019-жылы региондордо жалпы узундугу 690 км түзгөн эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду куруу жана реабилитациялоону улантуу пландаштырылууда. Токтогул ГЭСин, Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Баткен облусунда электр линияларын куруу боюнча иштер улантылат.

Ошондой эле социалдык объектилерди куруу боюнча иш жүрүүдө. Алардын ишке ашырылышына бюджетте 2,9 млрд сом каралган жана бекитилген. Бүгүнкү күнү 66 мектеп, 6 бала бакча куруу аяктады, 6 саламаттыкты сактоо объектилери колдонууга берилди (оорукана жана фельдшердик-акушердик пункттар), 5 спорттук комплекс.

Пикир

Оставить комментарий