• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбековдун биринчи жарлыгы Атамбаевге КРнын Баатыры мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу болот

Саясат 0

Бишкек, 24.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун биринчи жарлыгы Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу болот. Бул тууралуу бүгүн Жээнбеков инаугурация салтанаты учурунда билдирди.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Жээнбеков шайлоо учурунда элибиз даанышмандыгын көрсөткөнүн белгилеп, өлкөнүн жаркын келечегин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле өлкөнүн өнүгүшү үчүн Алмазбек Атамбаевдин зор салымын белгиледи.

“Сиздин Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн өтөгөн эмгегиңиз үчүн, сиздин акылмандыгыңыз жана даанышмандыгыңыз үчүн Сиз “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамына жана “Ак Шумкар” өзгөчө белгисине татыктуусуз. Элибиздин атынан Ата Мекендин алдындагы кызматыңызды таануу ирээтинде бул белгини сизге тапшыруу мен үчүн сыймык болот. Өлкө президенти кызматына киришкен соң, менин биринчи Жарлыгым сизди сыйлоо жөнүндө болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий