• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбековдун Брюсселге сапары КР үчүн экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү

Коом 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Брюсселдеги Европа союузунун Институтунун жетекчилери менен жолугушуусу республика үчүн экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

Ал мамлекет башчынын сапарынын маанилүү аспектиси Евросоюз Жээнбековду анын президенттигине жарым жыл болгондон кийин чакыргандыгында.

“Ушундай кыска мөөнөттө өлкөбүздүн башка президенттери Евросоюзга чакырылганы менин эсимде жок. Бул Евросоюз Жээнбековду Кыргызстандын лидери катары тааный турганын айтып турат”, - деди саясат таануучу.

Шестаков Жээнбеков ага чейинки мамлекет башчылар баштагана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен кызматташууну улантат деп эсептейт.

“Бул кызматташууну бекемдөө тууралуу айтып турат. мындан тышкары премьер-министр кезинде Сооронбай Жээнбеков кызматташууну баштаган жана азыр ошол диалогду улантат”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле саясат таануучунун айтымында, Жээнбековдун Брюсселге сапары айрым эл аралык уюмдар белгилегендей, өлкөдө демократия төмөндөбөгөнүн айтып турат.

Эскерте кетсек, 11-12-апрелде Кыргызстандын президенти жумушчу сапары менен Брюсселге барды.

Пикир

Оставить комментарий