• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Фоторепортаж - Жээнбеков Душанбе шаарында КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин саммитине катышты

Президент 0

Бишкек, 28.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 27-28-сентябрында Тажикстандын Душанбе шаарына иш визити менен барып, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышты.

27-сентябрда Душанбе шаарын келип, Мамлекет башчысы Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматашуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

28-сентябрда Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин тар жана кеңири курамдагы жыйынына катышты. Саммиттин жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.

Саммитке катышуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кызматташуунун келечеги тууралуу маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий