• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбековдун катышуусу менен Мюнхен шаарында кыргыз-немис бизнес-форуму болду

Президент 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Германиянын Мюнхен шаарында, 15-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен кыргыз-немис бизнес-форуму болуп өттү.

Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөдү, кыргыз жана немис ишкерлери өздөрүнүн бет ачарлары менен тааныштырышты.

Кыргызстандын Бавариядагы Ардактуу Консулу Тюрингии Райнхольд Крэммель бавариялык бизнес-коомчулуктун атынан Президент Сооронбай Жээнбековго форумга катышканы жана мазмундуу сөзү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Германиянын бизнес компаниялары ортосунда инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, тигүү өнөр жайы, билим берүү, энергетика, өнөр жай жана башка тармактарда кызматташууга байланыштуу эки тараптуу 11 документке кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий