• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбековдун катышуусунда Оштогу «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын ачылыш аземи болду

Президент 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-августта Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекттик чек ара кызматынын башкармалыгынын Ош облусундагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы чек ара заставасынын жаңы комплексин көрүп чыгып, аскер кызматчыларынын кызмат өтөө жана жашоо шарттарына көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги Райимберди Дуйшенбиев Мамлекет башчысына аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Чек ара заставасында заманбап объектилер менен жабдылган модулдук эки кабаттуу административдик бөлмөлөрү бар казарма жана офицерлер жана прапорщиктер курамы, алардын үй-бүлөлөрү үчүн үйлөрдү камтыган имараттар комплекси курулуп жаткандыгы белгиленди.

Жаңы комплекс эл аралык стандарттарга жооп берген бардык инфраструктуралар объектилери менен камсыздалган.

Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жаңы комплекстин территориясында машыгуучу плац, аскердик даярдыктан өтүү үчүн атайын жайлар, спорттук аянтчалар жайгашкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга кайрылып, алар өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы чек ара кызматы жарандарыбыздын коопсуздугунун жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарынын сакчылыгында тургандыгын баса белгиледи.

«Өлкөбүздүн коопсуздугу бекем чек арабыздан башталат. Чек ара кызматы Мекенге берилгендикти, каармандыкты жана сактыкты талап кылат. Чек араны көздүн карегиндей сактоо — ыйык милдет», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы «Жаны Жер» чек ара засатавасынын жаңы комплексинин курулушу жана жабдылышы Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде ишке ашырылгандыгын белгилеп, Россиянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков коңшулаш өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кыскача токтолуп, бул маселелерди диалог жана дипломатия жолу менен конструктивдүү чечүүдө Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун ролун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга чың ден-соолук каалады, Мекенге берилип кызмат кылууга чакырып, 250 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий