• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбековдун кийинки чет элдик сапары Россия менен Кытайга болот

Саясат 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбековдун кийинки чет элдик иш сапары майдын ортосунда болот. Өлкө башчысы Россияга Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барат.

КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, ЕАЭБке мүчө болгон мамлекет башчылардын алдыда күтүлүп жаткан жолугушуучу Сочи шаарында өтөт. Анын айтымына караганда, учурда даярдык иштери жүрүп жатат.

“Июнда Кытай Эл Республикасына расмий сапар пландалууда. Ал ШКУ саммитинин алдында болот”,-деп билдирди Сыдыков.

Ал билдиргендей, бул маселе да учурда эки жактуу чечиле баштаган.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9нан 11-апрель күндөрү КР президенти Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Түркияда болгон. Кийин ал Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына жумушчу визит жасаган.

.

Пикир

Оставить комментарий