• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбековдун Панфилов районуна жумушчу сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда. Бүгүн, 31-июлда, Мамлекет башчысы Чүй облусуна барды.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушуп, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берди, атап айтканда, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү, ата мекендик экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар, Кыргызстандын жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаты жөнүндө сөз болду.

Үч сааттан ашуун созулган жолугушууда жергиликтүү тургундар жол инфраструктурасын, социалдык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, коррупция менен күрөшүү, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо тармактары, сот-укуктук реформа, калктын жакыр катмарына жардам берүүгө байланышкан суроолорду беришти.

Райондун тургундарынын суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Жумушчу сапарынын алкагында Мамлекет башчысы ошондой эле Панфилов районунун социалдык тармагындагы долбоорлору менен таанышты.

Президент Панфиловка айылын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизүү иш-чарасына катышып, Букара айылындагы орто мектебинин жаңы имаратын көрүп чыкты.

Мектептин директору Нурзада Бейшембекова мектептин негизги имаратына кошумча имаратты куруу 2017-жылы башталганын маалымдады. Бүгүнкү күндө куруу иштери аягына чыгып калды.

Жаңы имаратта спортзал, ашкана, китепкана, компьютер бөлүмү, окуу класстары жана лаборатория жайгашкан. Объект 2019-2020-жаңы окуу жылынын башында колдонууга берилет.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Панфиловка айылындагы жаңы спортзалга жана Алыкул Осмонов атындагы музейге барды.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кеңейтүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары тартылган Вознесеновка айылындагы «Тянь-Шань форель» ЖЧКсы балык чарбасы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий