• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбековдун саламаттыкты сактоо тармагынын адистери менен болгон жолугушуусунан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 15-июлда, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын белгилүү адистери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, кырдаалга анализ жана божомолдоо жүргүзүү, илдеттин өзгөчөлүгү жана дарылоо боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, ошондой эле азыркы кырдаалда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагында келип чыккан кечиктирилгис көйгөйлөрдү чечүү үчүн практикалык бир катар сунуштамаларын укту.

Сооронбай Жээнбеков медиктер коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө мүмкүн болгондун баарын жасап жатышканын, баары учурдагы көйгөйлөр менен алек экенин баса белгиледи. Бирок, бул илдет менен күрөшүүдө күч-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кырдаалга анализ кылуу жана өлкөдө илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл. Андыктан бул багытта Өкмөткө иш жүзүндө жардам берүү керектигин баса белгиледи ал.

Жолугушуу катышуучулары бир катар сунуштарды жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча сунуштамаларды, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо үчүн токтоосуз чечимдерди талап кылган курч маселелерди айтышты. Иш- аракеттерди координациялоо үчүн Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүүнү сунушташты.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина адистерине элдин саламаттыгы менен өмүрүнө ар күнү кам көрүп жаткан эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жана жалпы эле саламаттыкты сактоо тутумун жакшыртуу үчүн керек болгон пайдалуу маалыматтарды бергендиги үчүн ыраазычылыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын «Кыргызстандагы табигый кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорунун алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сатылып алынган жаңы тез жардам унааларын көрүп чыкты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин берген маалыматына караганда, бул долбоордун алкагында саламаттык сактоо уюмдары 13 жаңы тез жардам унаасын алышкан. Алар Бишкек шаарына жана өлкөнүн бардык аймактарына таратылат.

Эске салсак, Мамлекет башчысы менен менен жолугушууга төмөнкү дарыгерлер катышты:
— медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов;
— ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов;
— медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев;
— медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов;
— медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова;
— медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова;
— Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева;
— Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева.

Пикир

Оставить комментарий