• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбековдун Швейцариянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда өткөн Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен Соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу документ;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаменти менен «Switzerland Tourism» Улуттук маркетинг уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтык тууралуу документ;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Цюрих Университети жана Цюрих Университеттик Госпиталынын ортосундагы респиратордук, ички жана бийик тоолуу медицина жана изилдөө чөйрөлөрүндө кызматташтык тууралуу документ.

Пикир

Оставить комментарий