• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик визитинин биринчи күнүнүн жыйынтыктары - фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 23-августта Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу боюнча мамлекеттик визит менен Түркмөнстанга мамлекеттик визит жасады.

Мамлекеттик визиттин биринчи күнү Ашхабад шаарында Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган башка бир катар документтерге кол коюлду.

Визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Ашхабаддагы Түркмөнстандын биринчи Президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле мавзолейдин жанында жайгашкан мечитте болду.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик монументине гүлчамбар коюп, ардактуу меймандардын багына бак олтургузду.

Мамлекеттик визиттин программасына ылайык Мамлекет башчысы 2017-жылы Ашхабадда жабык имараттарда Азия оюндарын өткөрүү үчүн 2015-жылы курулган Олимпиада шаарчасы менен таанышып чыкты.

Соңунда Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Ашхабаддагы текстиль комплекси менен таанышты.

Ошол эле күнү, 23-августтун кечинде Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августка мерчемделген Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммитине катышуу үчүн Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарына кетти.

Пикир

Оставить комментарий