• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбековдун Тажикстанга болгон сапары аяктады

Президент 0

Душанбе, 02.02.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга болгон расмий иш сапары аягына чыкты. Сапардын алкагында мамлекет башчысы президент Эмомали Рахмон менен тар жана кеңейтилген курамда жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар биргелешкен билдирүү жасашты.

Президенттер эки мамлекет ортосундагы кызматташуу, ошондой эле чек ара боюнча демаркация жана делимитация маселелерин талкуулашты.

Андан тышкары тараптар достук маанайда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулады.

Тараптар өнөктөштүктү мындан да бийик деңгээлге чыгаруу жана тереңдетүү максатында, бардык негизги чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Жээнбековдун Душанбеге болгон сапары эки күн 1нен 2-февраль күндөрү болду. Расмий сапар тууралуу чакырууну президент Эмомали Рахмондон алган.

Эки тараптуу жолугушуунун аягында Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргызстанга жооп катары расмий визит менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий