• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбековдун Жалал-Абад жана Ош облустарына болгон жумушчу сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда. Бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысы Жалал-Абад жана Ош облустарына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жалал-Абад облусунда Сооронбай Жээнбеков облустук клиникалык ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратын көрдү.

Ошондой эле айыл чарба жана өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгү, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Президент Өзгөн районунда 1,5 миң гектарга жакын жерди суу менен камсыз кылууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн ирригациялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрдү.

Муну менен бирге Мамлекет башчысы жергиликтүү рынокто продукцияга талап чоң болгон, ошондой эле коңшу Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолгон таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, А. Навои атындагы орто мектептин жаңы имаратын жана Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрдү.

Жергиликтүү жашоочулар менен баарлашуунун жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков аймактык өнүктүрүү саясатынын негизги багыттары, анын ичинде ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу, социалдык объектилерди куруу, шаарлардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жер-жерлерде ишкердикти колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Аталган багыттарга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Иш сапары учурунда Президентке жергиликтүү жашоочулар жеке маселелери менен кайрылышып, аларды чечүүнү Мамлекет башчысы өзүнүн көзөмөлүнө алды.

Пикир

Оставить комментарий