• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбековдун жасаган иши сый-урматка татыктуу - Карабеков

Коом 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президентинин жасаган иши – сый-урматка татыктуу деп түшүндүрдү “Кабар” агенттигине журналист Кабай Карабеков Сооронбай Жээнбековдун ага карата 5 млн сомго материалдык доосун чакыртып алуусун.

“Бул чындыгында сый-урматка татыктуу аракет. Албетте, мен сотто утулуп калдым. Президент өз көз карашынын тууралыгын далилдеди, андан соң каржылык дооматтарынан баш тартты. Бул сый-урматка татыктуу жана муну колдоого алуу керек”, - деп чечмеледи Карабеков.

Журналисттин айтымында, президенттин кылганы өлкөдө сөз эркиндиги боюнча кырдаал өзгөрө турганына ишеним жаратат.

“Айрым журналисттерге жана маалымат сайттарына карата бир нече миллиондук доо арыздар КРда ЖМКлардын абалын начарлатып жиберди. Муну өлкөдө мониторинг жүргүзгөн дээрлик бардык эл аралык уюмдар белгилешти. Бул өңүттөн алганда Сооронбай Жээнбековдун чечими жагдай жакшы жагына өзгөрөрүнө, сөз эркиндиги жана демократиялык институттарды колдоо өлкөдө туруктуулукка алып келерине ишеним берет”, - деп бөлүштү журналист.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрында Кыргызстандын маалымат агенттиктеринин бири жана журналист Кабай Карабеков сотто президент Сооронбай Жээнбековдун пайдасына 10 млн сомго уттурган. Кечээ, мамлекет башчы журналист Кабай Карабековго анын ар-намысын жана аброю коргоо боюнча 5 млн сом доосунан баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий