• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбековго жана Эрдоганга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Ардактуу доктору” наамы ыйгарылды

Саясат 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ардактуу доктору» наамы ыйгарылды.

Мамлекет башчылары бүгүн, 2-сентябрда Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга эки күндүк визитинин алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салышты.

Андан соң Кыргызстандын жана Түркиянын Президенттерине университеттин «Ардактуу доктору» наамын ыйгаруу аземи болду.

Эки мамлекеттердин башчылары көрсөтүлгөн урмат-сыйы үчүн ыраазычылык билдиришип, студенттерге жана окутуучуларга окууда жана илимий иштерде ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий