• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө декларациялоо 2021-жылдын 1-январынан тарта башталат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт тарабынан “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты мүлктү жана кирешени мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, декларациялануучу мүлктүн жана кирешенин кол тийбестигине, мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде катышуучу жактардын кол тийбестигине кепилдик берүү менен мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сырды сактоону бекитүү болуп саналат.

Ошондой эле мыйзам декларанттарга 2019-жылдын 1-январына чейин алынган, анын ичинде ыктыярдуу түрдө декларациялоо объекттери сатылып алынган кирешелерге карата милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди төлөбөстөн туруп аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу ишке ашырылат.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү белгилегендей, жеке адамдарын мүлкүн мыйзамдаштыруу 2021-жылдын 1-январынан тарта башталып, бир жылга созулат.

Пикир

Оставить комментарий