• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Жеке ассистент" тууралуу жети суроо: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы социалдык кызмат иштеп баштады

Коом 0

Кыргызстанда учурда 30 миңге жакын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашап келет. Анын ичинен 6 миңге жакын бала өз алдынча кыймыл-аракет жасай албагандыгына байланыштуу дайыма артынан көзөмөлдү талап кылат. Алардын ата-энеси дайыма баланын жанында болууга муктаж.

"Жеке ассистент" аталыштагы социалдык кызматы КРнын Өкмөтүнүн токтому менен 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.

Бул жобонун негизинде дайыма көзөмөлгө муктаж болгон балдарды караган адамдарга мамлекет тарабынан айлык акы кандай болуп төлөнөт? Жаңы жобого жараша ким жеке ассистент боло алат жана кандай документтерди чогултуу керек? Ушул сыяктуу жана башка суроолорго КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу Чолпон Мамбетаипова айтып берди.

Бизге бул маселе боюнча кайрылуулар телефон чалуу жана социалдык тармактар аркылуу абдан көп келүүдө. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган коммерциялык уюмдардын да иши активдештирилген. Анткени бул көп жылдар бою коомчулукта талкууланып, бирок чечилбей келип, эми чечим табылган маселелердин бири.

– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар коомчулуктан бөлүнүп, ден соолугуна байланыштуу дайыма үйдө болуп, төрт дубалдан чыкпайт. Ал эми алардын ата-энелери, туугандары балдарына үзгүлтүксүз 24 саат бою көзөмөл керек болгондуктан, кошо үйдө отуруп, коомчулуктан бөлүнүп калууда. Ошол себептен бул жаңы жобо ата-энелерге балдарын карап жатып, көрсөткөн кызматы үчүн акы алууга жана өзүнүн укуктарын сактап калууга жол ачат.

"Жеке ассистентке" акча төлөөнүн жолдору кандай?

– Бүгүн бул жаңы жобо боюнча кичине пикир улай кетсем. Кыргызстан эч кимди ээрчибей өз жолу менен кетүүдө. Биз Россиянын, Литванын, Молдованын тажрыйбасын изилдеп чыктык. Мисалы, Молдовада болгону 500гө жакын жеке ассистент бар экендигин билдик. Алардын баардыгы жалданып келген жумушчулар экен. А биз болсо башка жол менен барып, айлык акыны ата-энелерге төлөп берүүнү сунуштадык.

Бул жерде белгилей кетчү нерселердин бири, энеси да атасы да жеке ассистент боло алат. Жаңы киргизилген социалдык кызмат аркылуу биз бир нече маселени чече алдык. Алар: майып баланын социалдык-стационардык мекемеге барып калуусунун алдын алуу, келечектен үмүтүн үзгөн адамга акы төлөп, анын эмгегин баалоо жана анын укугун коргоо жана жумуш менен камсыз кылуу. Анткени эмгекке жарамдуу адам мүмкүнчүлүгү чектелген баланы карап отуруп, өзү ишке орношуп, баардык адамдардай иштей албай калууда.

Ошол себептен Кыргызстан бүгүн биринчи кезекте үйдө отурган ата-энелерди кызмат менен камсыз кылуу маселелесин чечүүдө. Анткени ал балага жардамчы жалдап, өзү ишке орношуп, мамлекет ассистентке төлөп бергенден да көп айлык акы алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин кайсыл категориясы “жеке ассистент” менен камсыз болот?

– Каражаттар тартыш болгондуктан биз биринчи кезекте баса албаган, отура албаган жана жада калса тамакты өз алдынча иче албаган балдарды камтыганга аракет жасадык. Бизге азыр 23, 27, 30 жаштагы майып адамдар келип жатышат, бирок алар баса алышат. А биз азырынча баса да албаган ата-энесинин колунда болгон балдарды алып жатабыз. Андан тышкары Даун оорусу, Альцгеймер оорусу жана гиперактивдүүлүк менен жабыркаган балдар да ушул категорияга кирет.

Көп ата-энелер соцөнүктүрүү бөлүмдөрүндө ар түрдүү негиздемелерди сурап, аларды чогултканга абдан көп убакыт сарпталып жаткандыгына нааразычылык көрсөтүшүүдө. Учурда кандай документтер керек? Бүгүнкү күндө бул процедуралар аягына чыгарылып, бекитилди беле?

– Биринчи кезекте арыз ээси жашаган жери боюнча территориалдык Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясына кайрылуусу зарыл, эгерде МСЭКтин корутундусу болсо, анда кайрылуунун зарылчылыгы жок. Врачтар баланын ден соолугун текшерген соң, “багууга дайыма муктаж” же “бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж”, - деп берилген корутундунун негизинде Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт.

Балага ассистент дайындоо үчүн төмөнкү документтер керек:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ID-паспорт;
  • Баланын майыптыгы жана четтен көрсөтүлүүчү жардамга муктаж деген негиздеме.

"Жеке ассистент" болуу үчүн:

  • Соцкоргоо жетекчисинин атына арыз;
  • Жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн түзүмү тууралуу негиздеме;
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Банктан эсеп.

Бир үй-бүлөдө ким ассистент боло алат? Эки ата-эне тең ассистент боло ала тургандай нормалар каралганбы?

– Ассистент бир же эки ата-эне тең боло алат. Бирок бул эки ата-эне тең иштебесе же үй-бүлөдө бирден көп майып балдар болсо. Эгер атасы же энеси иштесе, анда ал бул функцияны жакындарынын бирине өткөрүп берсе болот. Анда ал адам ошол замат жалданып келген кызматчы катары саналат. Ошол адам менен келишим түзүлүп, айлык маяна төлөнөт. Бул кадимки эле жумуш берүүчү жана кызматчы ортосундагы келишим. Ассистент катары чоң энеси, чоң атасы жана жакын туугандары боло алат.

Азыр көп ата-энелер жалпысынан кошумча киреше алуу максатында өздөрүн ассистент катары көрсөтүүгө чамынышууда, бирок мен айтып кетким келет, кошумча киреше алар иштебей үйдө отурса болот. Эгер ал иштеп жаткан болсо, ал өзү ассистент боло албайт. Анткени алардын эмгек келишими башка жерде бар болгондуктан, бул жерге башка адам кадимки кызматчы катары орношушу керек. Бүгүн биз эмгекке жарамдуу адамдарга жумуш табууга жол ачуудабыз.

Бирок бул жагдайда да бир нече жеңилдетүүлөр каралган. Мисалы, ал жалгыз бой эне же жалгыз бой ата болгон болсо жана балдарын багуу максатында үйүндө тигүүчү, келип-кетип иштөөчү бухгалтер же бир нече саат иштей турган кызматта эмгектенсе, анда ал жеке жардамчы болуп, айлык акы ала алат. Башка абалда алар ассистент боло алышпайт. 60 жашка чейинки адамдар гана “ассистент” боло алат.

Ким ассистент боло албайт?

  • Жаш курагы 65тен ашкан адам. Ал чоң энеси болгон күндө да ассистент боло албайт;
  • Эгер ассистент боло турган адамдын I же II топтогу майыптыгы бар болсо. Үчүнчү топтогу майып адамга ассистент болуп иштөөгө уруксат берилет;
  • Жеке ассистент болуп дагы бир жерде эмгектенген адам (мисалы, мугалимдер, дарыгер жана башка кызматкерлер);
  • Буга чейин жаш балдарга карата кылмыштар үчүн соттолгон адам;

Ошол себептен биз “жеке ассистент” болууга же жалдоого аракет кылган адамдардан көп негиздемелерди талап кылуудабыз. Ушул категорияларга дал келген адамдар жардамчы боло алышпайт.

Жеке ассистент кандай талаптарга жооп бериши керек?

  • Ал атайын окутуудан өтүшү керек;
  • Индивидуалдуу реабилитация программасы боюнча балага кызмат көрсөтүү.

Ассистентке акы канча төлөнөт жана ал төлөө системасы кандайча иштейт? Ошондой эле бир үй-бүлөдө эки же үч майып бала болсо, акы кандай төлөнөт?

– Айлык акы төлөө ошол адам жеке ассистент катары жумушка алынгандыгы тууралуу буйрук чыккан күндөн башталат. Бул жобо 2019-жылдын 1-январынан баштап иштеп баштады. Учурда аймактык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан жарандардан арыздарды кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Ассистенттердин кызматынын акысы бир бала үчүн 4900 сомду түзөт. Эгер үй-бүлөдө бирден ашык майып балдар болсо жана бир гана ата-эне иштесе, анда аларды караган ата-энесине биринчи баласы үчүн толук көлөмдө, кийинкилерине 50% көлөмдө төлөнөт. Ал эми үй-бүлөдө эки ата-эне тең иштебесе, анда биринчи эки балага толук көлөмдө акы төлөнөт, ал эми үчүнчү-төртүнчүсүнө 50% көлөмдө акча төлөнөт.

Маектешкен Салтанат Абдраева.

Пикир

Оставить комментарий