• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жеке ишкерлер салык декларацияны электрондук түрдө тапшырышат

Экономика 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын Salyk.kg сайтынан «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө тапшыруулары зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан басма сөз кызматынан кабарлашты.

Себеби, жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тартып салык отчетторун электрондук документ түрүндө милдеттүү тапшырууга өтүшкөн.

Декларацияны онлайн тапшыруу үчүн Salyk.kg “жеке кабинетине” кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу керек. Бул үчүн Salyk.kg сайтында Маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү/калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, аны басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына берүүсү жетиштүү.

“Жеке кабинетке” кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу менен декларация, отчетторду берүүгө, ошондой эле башка онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууга болот.

Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,

– салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) менчик ээлери,

– юридикалык жакты түзбөстөн иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Пикир

Оставить комментарий