• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жеке күзөт кызматтары менен ИИМдин Күзөт башкармалыгынын кызматкерлери ортосунда спорттук мелдеш өттү

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы менен Кыргызстан күзөт жана детективдик мекемелер бирикмесинин кызматкерлеринин ортосунда спорттук мелдеш өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 24-25-октябрь күндөрү өтүп, ага жеке күзөт мекемелеринин "Армата", "Вымпел щит", "Орион", "Гладиатор", "Нур-Чоро", "Легионер" командалары жана ИИМдин Күзөт башкармалыгынын 7 командасы катышкан.

Командалар кичи футбол, волейбол жана ок-атуу боюнча жарышышкан.

Кичи футболдо үчүнчү орунга "Вымпел щит" командасы татып, III даражадагы диплом жана 1 миң сом менен сыйланган. Экинчи орун алган "Гладиатор" командасына 1 миң 500 сом жана II даражадагы диплом берилген. Ал эми биринчи орунду ИИМдин күзөт башкармалыгынын командасы ээлеп, I даражадагы диплом, кубок жана 2 миң сом акчалай сыйлык алган.

Ок атууда үчүнчү орун алган "Армата секюрити" III даражадагы диплом жана 1 миң сом, экинчи орунду ээлеген "Нур-Чоро" командасы 1 миң 500 сом жана II даражадагы диплом менен сыйланган. Биринчи орундун ээси болгон ИИМдин күзөт башкармалыгынын командасы I даражадагы диплом, кубок жана 2 миң сом акчалай сыйлык алган.

Ал эми волейбол боюнча жарышта "Нур-Чоро" командасы үчүнчү болуп, III даражадагы диплом жана 1 миң сом алса, экинчи орундун II даражадагы дипломун жана 1 миң 500 сом байгесин "Орион" уткан. Жарышта биринчи боло алган "Барчын" командасына I даражадагы диплом, кубок жана 2 миң сом берилген.

Жарыштын соңунда ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы Талант Исаев мелдештин катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн: "Күзөт кызматкерлеринин арасында өткөн бул спорттук мелдеш, биздин демилгебиз менен алгачкы жолу өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара ИИМдин Күзөт кызматы менен жеке күзөт мекемелеринин кызматташтыгын бекемдөө, өз ара мамилени чыңдоо максатында уюштурулду. Мындан ары жыл сайын ушундай спорттук мелдештерди өткөрүүгө аракет кылабыз".

Эскерте кетсек, бул мелдеш ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы Талант Исаев жана Кыргызстан күзөт жана детективдик мекемелер бирикмесинин төрагасы Капар Батыркановдун демилгеси менен Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий