• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жеке камкор деген ким жана Кыргызстанда канча жеке камкор бар?

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Былтыртан тарта дайыма кароого муктаж 18 жашка чыга элек мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кароо боюнча жеке камкор кызматы иштеп баштаган. Ага ылайык жеке камкор деп таанылган (ата-энеси, тууганы ж.б. адамдар боло алат) адамга баланы караганы үчүн ай сайын 4,9 миң айлык төлөнөт.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдиргендей, Кыргызстанда 6 миң 400 жеке камкор (персоналдык ассистент) бар. Ал кызмат дайыма балдарынын жанында болуп, караган ата-энелерге колдоо иретинде киргизилген.

"Медициналык-социалдык эксперттик комиссия бар. Алардын "мүмкүнчүлүгү чектелген бала дайыма кароого муктаж" деген маалымкатынын негизинде жарандар жеке камкор болот", - деди ал.

Ушул жылдан тарта дайыма кароого муктаж болгон 18 жаштан ашкан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган адамдарга да жеке камкор катары айлык берүү демилгеленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий