• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жеке клиникалар коронавируска каршы эмдөө иштерин жүргүзбөйт — Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жеке клиникалар коронавируска каршы эмдөө иштерин жүргүзбөйт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, вакцина мамлекеттик бейтапканаларда гана сайылат.

“5-апрелге карата өлкөдө жалпы 644 адам эмделди. Алардын абалдары жакшы. Ар бир вакцина алган жаран маалыматтар базага киргизилүүдө жана тыкыр көзөмөлдө”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Пикир

Оставить комментарий