• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жеке лаборатория коронавируска текшерүүнүн жарымын акысыз жүргүзөт – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Жеке лаборатория коронавируска текшерүүнүн жарымын акысыз жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавируска текшерилүүнү каалаган жарандар жеке жана мамлекеттик лаборатория тарабынан түзүлгөн биргелешкен лабораторияда тест тапшыра алары айтылган. Коронавируска текшерүүнү Бонецкий лабораториясы жүргүзөт.

Үсөнбаевдин айтымында, айрым жарандар ал жерден коронавируска акысыз текшериле алышат.

"Алар жүргүзө турган текшерүүнүн дээрлик жарымын акысыз кылууну, мисалы 5 миң анализ жасаса анын 2,5 миңин жарандар үчүн акысыз кылуу каралган. Биз жеке менчик лабораторияга акысыз текшериле ала турган категориядагы жарандарды белгилеп беребиз. Алар текшерүүнү өзүнүн эсебинен жасашат", - деди ал.

Белгилей кетсек буга чейин Үсөнбаев ПЧР тест тапшыруунун орточо баасы 2 миң сом болорун билдирген.

Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ди түзөт. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий