• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгына кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлду.

Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий