• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеке менчикке берилип кеткен 1 млн 800 миң сомдук жер тилкеси Баткен мэриясына кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан КРнын Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныкталган, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен шаарында жайгашкан 0,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде Б.А., аттуу жаранга жеке менчикке берилип кеткендиги такталган.

Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен 1 млн 880 миң сомдук жер тилкеси Баткен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий