• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеке нотариустун лицензиясын алуу үчүн 20 талапкерге алты айлык стажировка өтүүгө уруксат берилди

Коом 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Юстиция министрлигинде Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Отурумда төмөнкүлөр каралды:

- алты айлык стажировкадан өткөрүү жөнүндө – 39 арыз;

- квалификациялык экзаменсиз лицензияны берүү жөнүндө (мамлекеттик нотариуска) – 1 арыз («Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси).

Комиссиянын кароосунун жыйынтыгы боюнча:

- алты айлык стажировка өтүүгө 20 талапкерге уруксат берилди;

- стажировка өтүүгө 10 талапкерге уруксат берилген жок;

- мамлекеттик органдардан кошумча материалдарды сурап алуу үчүн 9 арыз кийинкиге калтырылды;

- квалификациялык экзамен тапшырбастан лицензия алуу жөнүндө 1 талапкердин (мамлекеттик нотариустун) арызы канааттандырылды.

Пикир

Оставить комментарий