• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жеке жактардын салык статусун ырастоо боюнча функция Салык кызматына өттү

Экономика 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Жеке жактардын Кыргыз Республикасынын салык статусун (резиденттигин) ырастоо боюнча функция Мамлекеттик салык кызматына өттү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн 2020-жылдын 8-декабрындагы токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салуудан качуу (четтөө) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу тууралуу макулдашууларды аткаруу тартиби жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мында салык төлөөчүлөргө, анын ичинде жеке жактарга резиденттиктин сертификатын берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүүсүз бойдон калтырылды.

Кыргыз Республикасынын резиденттик сертификатынын болушу салык төлөөчүлөргө бир гана өлкөдө салык салынышына жана бир эле кирешеге кош салыктын салынышын четтетүү укугун берет.

Эске салсак, мурда резиденттик сертификаты Салык кызматы тарабынан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге гана берилчү, ал эми жеке жактарга Экономика минстрлигинен берилчү.

Кененирээк маалыматты (0312)61-28-70 телефону боюнча алууга болот (эл аралык кызматташуу сектору).

Пикир

Оставить комментарий