• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражат кандай бөлүштүрүлгөн – өкмөттүн жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине жеке жана юридикалык жактардан кайрымдуулук жана гуманитардык жардам катары түшкөн каражат боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, аталган эсепке 139 млн 975 миң 253 сом келип түшкөн.

Депозиттик эсептеги каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия 138 млн 294 миң 100 сомду төмөнкүчө бөлүштүргөн:

- медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары 38 млн 559 миң 300 сом (комиссиянын 31-марттагы протоколу) жана 95 млн 584 миң 800 сом (комиссиянын 28-апрелдеги протоколу);

- жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга − 4 млн 150 миң сом.

“Бүгүнкү күнү ал эсепте 1 млн 581 миң сом турат” – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий