• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жекшеев: Бабановдун аны калктын 65% колдойт деген ишеними – бул саясий жеңил ойлуулук

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун аны калктын 65% колдойт деп деген ишеними – бул саясий жеңил ойлуулукжана калкты адаштыруу аракети. Мындай пикирин коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

Анын айтымында, азыркы кырдаалда калктын үгүт маанайы ар бир секунда сайын өзгөрүүдө, мындай шартта талапкерлердин бири лидерлик кылууда жана 60%дан жогору добуш алат деп ишенимдүү айтууга мүмкүн эмес.

“Бүгүнкү күндө шайлоонун жыйынтыктары боюнча кимдир бирөө так божомолдорду айта албайт. Себеби өлкөдө эч ким мындай так божомол берген социалдык сурамжылоо жүргүзгөн жок. Ооба, тар форматта сурамжылоолор жүрүүдө, бирок, алардын так экенин, чындыкка жакындыгын таануу - мүмкүн эмес. Элдин пикири секунд сайын өзгөрүүдө, калк ар бир талапкерге көз салууда. Буга байланыштуу Бабановдун аны калктын 65% колдойт деген билдирүүлөрүн чындык катары кабыл албоо керек. Бул ал тарабынан жасалган кезектеги пиар жүрүш. Ошентип, ал коомдук пикирге таасир берип, өзүнүн талапкерлигине коомдо ишенимдүүлүк берүүнү каалап жатат”, - деди ал.

Мындан тышкары, коомдук ишмер мындай билдирүүнү саясий жеңил ойлуулук катары баалоого болорун белгиледи. “Өлкөдө үгүттөө иштери активдүү жүрүп жатат. Талапкерлердин ар кандай кайрылууларына эл чогулууда. Бирок мындан жыйналган эл сөз сүйлөгөн талапкерди колдойт деп шашылыш тыянак чыгарууга болбойт. Эл дээрлик бардык талапкерлердин кайрылууларына чогулуп жатат. адамдарга мындай иш-чараларга баруу, талапкерлердин штабдары уюштурган концерт, шоуларды көрүү кызык”, - деп жыйынтыктады ал.

Эскерте кетсек, бүгүн президент А.Атамбаев учурдагы мамлекет башчы катары анын милдети –жарандардын өз эрки менен эркин добуш берүүсү үчүн шарттарды камсыз кылып жана тыштан кандайдыр бир кысым көрсөтүүдөн коргоо экенин билдирди.

“Шайлоочулар ошондой эле аларга жалган маалыматты таңуулоо аракетинен корголууга тийиш. Президенттик шайлоолордун жыйынтыгынын маанисин жана алардын өлкөнүн тагдырына таасирин эске алуу менен, коомдук пикир менен манупуляциялоо Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясый кырдаалдын туруктуулугуна жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши ыктымал”,- деп билдирди президент.

Мындан тышкары, ал талапкерлердин биринин эч нерсе менен ырасталбаган “калктын 65%” биринчи турда эле” ага “добуш берүүгө даяр” имиш тууралуу маалыматты коомго таңуулоо аракетине тынчсыздануу билдирди.

Пикир

Оставить комментарий