• 84.8
  • 96.92
  • 1.12

Желим идиштердин пайдасы жана зыяны

Дүр дүйнө 0

Бүгүнкү күндө желимсиз жашоону элестетүүгө болбойт: ар бир үйдө желим бир жолку идиштер, тамак-аш контейнерлери, бөтөлкөлөр бар. Бирок булар биздин саламаттыгыбызга зыян келтирет.

Америкалык окумуштуулар адамдын организминде табылган “желим” заттардын 80%ы идиш-аяк аркылуу келерин ырасташат. Бирок “тамак-аш желими” деп жазылган соң, ал зыянсыз болушу керек! Анткен менен нюанстар көп, эң башкысы – тамак-аш желими ар түрдүү болот. Желимде кандай заттардын бардыгына жараша, аны колдонуу керек. Тилекке каршы бул тууралуу этикеткаларда жазылбайт жана ошого ылайык эрежелер дайыма эле сактала бербейт.

Тарелка

Дача же табигатка чыкканда шашлык жана башка тамак-аштар үчүн абдан керектүү буюм. Бирок көбүнесе бул идиш полистролдон (PS) жасалат. Ал ысыганда анда канцерогендик стирол пайда болот. Бул зат боор жана бөйрөктөрдө топтолуп, циррозго алып келиши мүмкүн. Ошондуктан PS маркасындагы идиштерди муздак тамак-аш үчүн гана колдонуу керек. Ысык тамак үчүн туура келген желим – бул полипропилен гана.

Стакандар

Алкоголь – ээриткич. Ошондуктан аны желим идишке куйганда этанол менен стинолдун, фенол менен формальдегиддин аралашмасы пайда болот. Бул көрүү, бөйрөк жана репродукция ооруларын пайда кылат. Чай, кофени РР маркасындагы гана стакандарга куюуга болот. Бирок суусундук бир аз муздагандан кийин гана куюш керек. Полипропилен 75 градуска чейинки ысыктыкка туруштук берет.

Бөтөлкө

Бөтөлкөлөрдү көбүнчө ПЭТ желиминен жасашат. Россияда сыраны ПЭТ-бөтөлкөлөрдө сатууга каршы чыгууда. Анткени алкоголдун таасири алдында ичимдикке фталаттар бөлүнүп чыгат. Алар гормоналдык баланска таасир беришет, эркектерде аялдардын гормондору иштелип чыгат, жыныстык активдүүлүк төмөндөп, аялдарда эндометриоз жана тукумсуздук пайда болот.

5 пайдалуу кеңеш

  1. Чындыгында желимден баш тарткан оң. Бир жолу колдонулуучу кагаз идиштерди, продуктуларды сактоо үчүн айнек контейнерлерди, айнек идиштеги суусундуктарды сатып алуу керек.
  2. Бир жолу колдонулуучу стакандарга суу гана куюуга болот.
  3. Бир жолу колдонулуучу идиштерди жана ПЭТ-бөтөлкөлөрдү кайра колдонууга болбойт.
  4. Кычкылы бар азыктарды (помидор, жемиштер, салаттарды) желим идишке сактоого болбойт. Ошондой эле аларга ысык тамактарды да салбоо керек.
  5. Контейнерлерди этияттык менен, сырткы катмарын кырып албай жууш керек. Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий