• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Женевада КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жетекчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. 15-октябрь күнү Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д. Мукашев Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жаңы жетекчиси Дарен Танг менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу Женевадагы (Швейцария) Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун штаб-квартирасында болуп өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мукашев Дарен Тангды аталган уюмдун башкы директор кызматына шайланышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалаган.

Тараптар Кыргызстан менен ДИМУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашкан. Аны менен бирге Мукашев Дарен Тангга Уюм тарабынан Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борборду түзүү менен Кыргызстандагы инновациялардын экосистемасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Мукашев башкы директорго ДИМУ менен Евразиялык Патенттик Уюмунун (ЕАПО) Кавказ, Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн аймактарында интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жаатында технологиялык парктарды кеңейтүү боюнча биргелешкен долбоорунун ишине Кыргызпатенттин кызыгуусун билдирген.

Дарен Танг ДИМУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин белгилеп, Уюм мындан ары дагы Кыргызпатенттин потенциалын чыңдоого көмөктөшөт деп ишендирген.

Жолугушуунун аягында Мукашев Даррен Тангга 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразиялык патенттик конвенцияга Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду Кыргыз Республикасынын ратификациялагандыгы жөнүндө грамотаны тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий