• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Женевада Өмүрбекова менен БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу директору жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Женева шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу директорунун жолугушусу болду.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Комиссиянын бардык чөйрөдөгү өз ара алакасы жана мындан аркы мамиленин багыттары, ошондой эле БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын тармактык комитетинин алкагында кызматташуу маселеси талкууланды.

Тараптар 29-30-октябрда күн тартибиндеги гендер маселесин талкуулоо үчүн БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аймактарынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогулткан, Пекин декларациясы жана Аракеттердин Пекин платформасына саресеп салуу боюнча Аймактык кеңешменин алдында жолугушту. Аймактык кеңешменин тематикасын талкуулап жатып, тараптар гендердик теңчилик, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адам укуктарын бардык тараптан сактоо жана жакырчылыкты жоюу маселелери экономикалык-социалдык өнүгүүдө, Миң жылдык декларацияда түзүлгөн өнүгүү чөйрөсүндөгү бардык максаттарга жетүү үчүн маанилүү экени айтылды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова акыркы он жылдын ичинде өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүүдө алдыга карай жылыш бар экенин белгилеп, гендер жана улуттук мыйзам базасын иштеп чыгуу боюнча улуттук институционалдык механизмди куруу боюнча Өкмөттүн жасап жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Алтынай Өмүрбекова Женевада иш сапар менен Пекин +25ке сереп салуу боюнча Аймактык кеңешменин теңтөрагасы катары 2019-жылдын 29-30-октябрына чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий