• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Женевада өткөн жарманкеде кыргыздын улуттук азыктары, буюмдары көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Женевада өткөн жарманкеде кыргыздын улуттук азыктары, буюмдары жана тамактары көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен кабарлашкандай, 2019-жылдын 3-декабрында Женева шаарында БУУнун Аялдар бирикмеси тарабынан уюштурулган “БУУ-Базар 2019” атындагы эл аралык кайрымдуулук жармаңкеси болуп өттү. Бул иш-чарага БУУга мүчө болгон 60тан ашык мамлекет, анын ичинде Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунунун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгү дагы катышты.

"Аталган жармаңкеде Кыргызстандын улуттук азыктары, буюмдары жана тамактары көрсөтүлгөн күркө орнотулду. Ал күркөгө Женева шаарындагы БУУнун башкы директору Татьяна Валовая жана БУУга мүчө-мамлекеттеринин элчилери жана иш-чарага катышкан коноктор баш багышты.

"БУУ Базар" тилектештикти жана достукту айгинелейт, ошону менен бирге жаңжал болгон жерлерде кароосуз калган балдарга жардам берүү максатын көздөйт. Жыл сайын жармаңкеден 300 000ге жакын швейцариялык франк түшөт жана ал үйлөрүнөн ажыратылган балдарга колдоо көрсөтүү долбооруна бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий