• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Женевада ТМУнун башкы катчысы ЭУУнун башкы директору менен миграция жана качкындар маселесин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 21.05.23./Кабар/. 16-майда Женева шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Миграция боюнча Эл аралык уюмунун (МЭУ) Башкы директору Антонио Виторино менен жолугушту.

ТМУнун басма сз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө ТМУнун башкы катчысы жана МЭУнун Башкы директору миграция жана качкындар менен байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты. Эки тарап тең туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү боюнча жалпы максатты таануу менен миграция жана адамдардын жер которуу көйгөйлөрүн чечүүдө кызматташуу жана биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Башкы катчы Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө мамлекеттеринин миграция чөйрөсүндөгү маселелерин чечүүгө умтулуусун баса белгиледи. Тараптар коопсуз миграциялык процесстерди камсыз кылуу, ошондой эле мигранттардын укуктарын коргоо боюнча аймактык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан тышкары, башкы катчы жана Башкы директор түрк мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана алардын жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуучу биргелешкен долбоорлордун жана программалардын потенциалын белгилешти. Алар миграциялык маалыматтарды чогултуу жана талдоо, маалымдуулукту жогорулатуу саясатын жана потенциалды жогорулатуу демилгелерин иштеп чыгуу сыяктуу тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий