• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен "Женго" кайманаты аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

"Соттун чечими менен Кадыр Досонов 2021-жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УКМК уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча аракеттерин улантуунун негизинде К.Досоновдун (каймана аты "Женго") бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.

2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланган. Кечээ, 11-февралда Кадыр Досонов кармалган.

Пикир

Оставить комментарий