• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жениш Разаков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чүй облусуна жумушчу сапары менен барып, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жеңиш Разаков «Чалдовар-автодорожный», «Ак-Жол», «Ак-Тилек-автодорожный», «Кен-Булун-автодорожный», «Токмок-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пункттарын көрүп чыгып, ошондой эле «Чалдовар» жана «Ак-Тилек» салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.

Чүй облусунда көзөмөл-өткөрмө пункттарын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин ишинде мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан транспорттук каражаттарды каттоо журналын толтурууда бир катар мыйзам бузуулар белгилүү болду.

Вице-премьер-министр мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы акймактык ыкчам топтор менен мамлекеттик чек ара аркылуу күйүүчү-майлоочу майлардын жана эл керектөөчү товарлардын мыйзамсыз ташуу фактылары боюнча биргеликте иш алып баруу маселесин талкуулады.

Жеңиш Разаков мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине көзөмөлө-өткөрмө пункттарынын ишин жакшыртуу жана мобилдүү топтор менен өз ара кызматташууну колго алууну тапшырды.

Жумушчу сапардын соңунда тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы мобилдик топтор менен иштөөнүн алкагында күйүүчү-майлоочу материалдарды жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташуу фактыларын ачыктоо боюнча өз ара иштешүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы күн сайын отчетту камтыган ведомстволор аралык планды иштеп чыгуу жана бекитүү, мобилдүү топтор менен иштөөнүн алкагында мобилдүү топтордун ишмердүүлүгүн жөнгө салган нормативдик-укуктук актыларды үйрөнүү боюнча биргелешкен окуу тренингдерин өткөрүү тапшырмасын берди

Пикир

Оставить комментарий