• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жерүй алтын кенин иштетүүдөн бюджетке 10 млрд сомдон ашуун салык түштү

Экономика 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын март айына карата “Альянс Алтын” ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 10 млрд 15 млн 731 миң 871 сом салык төлөмдөрүн төлөгөн.

Компаниядан билдиришкендей, анын ичинен өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат – 6 млрд 591 млн 591 миң 472 сомду түзөт.

“Жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан түшкөн өлчөмдүн 2 пайыздык чегерүүсү” 2023-жылдын март айына карата 697 млн 871 миң 751 сом сомду түздү, анын ичинде:

  • Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) - 348 млн 935 миң 875,50 сом.
  • Талас райондук өнүктүрүү фонду (30%) - 209 млн 361 миң 525,30 сом.
  • Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) - 139 млн 574 миң 350,20сом.

Пикир

Оставить комментарий